БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын ажыга бара турган зыяратчылар үчүн эмдөө дарыларын республикага алып келүүчү жак 24-февралында аныктала турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, дарылар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы алып келинет.
Учурда дары-дармек алып келүүчү жактардын ортосунда сынак жарыяланып, арыздар 22-февралга чейин кабыл алынары айтылууда.