БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли чоң программадагы концерт тартуулай турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Ага ылайык, концерт үстүбүздөгү жылдын 17-февралында улуттук филармонияда өтүп, ага ансамблдин көркөм жетекчиси КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рысбек Жумакунов жетекчилик кылат.
Концертке ансамблдин ырчылары Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, Улан Качкыналиев, Кундуз Таштаналиева, Аскат Мусабеков жана төкмө акындар — Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдер катышат.
Маданий иш-чара 18.00дө башталып, билет баасы 200 сомго бааланууда.