Тывалыктар үчүн кой жана жылкы багуу кадыр эсе көрүнүш. Тыва Республикасынын Тес-Хемск в аймагына караштуу Чумур-Ой жергесинде жайгашкан кыштоодогу чабандын турмушуна сүрөттөн баам салыңыз.

Тыванын айыл чарбасында жылкы өстүрүүгө артыкчылык берилип келет. Республикада жылкылардын 90 пайыздан ашыгы байыркы тува тукумундагылар

Республика аймагынын 80 пайызга жакынын тоолор ээлейт. Андыктан өлкөдө кыш ызгаардуу келет

Кышкысын Тывада абанын температурасы 30, 40 градуска чейин төмөндөйт

Шагаа, ай календары боюнча жаңы жыл, тывалыктардын эң ири майрамдарынын бири болуп эсептелет. Бай дасторкон – келе жаткан жыл тынч болушунун символу. Февралда (Шагаа адатта ушул айга туш келет) мал арык болот, ошон үчүн эт камын эртерээк көрүш керек: октябрь-ноябрь айларында эң семиз койду союп, этин анын карынына салып, боз үйдөн алыс эмес жерге көөмп коёт

Тывада акыркы жылдары жылкынын саны туруктуу өсүүдө. Тыванын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эгер 2007-жылы 24 миң баш жылкы болсо, төрт жылдан кийин бул сан 40 миңге чукулдады. Анын жарымынан көбү жеке менчик

Шагааны тосуунун башкы ырымы – Сан салыр, ыйык отту тутантуу болуп эсептелет. Бул байыркы тува жерин арбактар колдоп жүрсүн деп, аларга акты – сүт жана сүт азыктарын, тува элинин улуттук таттууларын "курмандыкка чалышат"

Азоо атты аркандоо аракети

Чабандар жылкыларды кыштоодогу кашаага киргизип жатат

Боз үй – көчмөндөрдүн башкы турак-жайы. Жайкысын ысыктан, кышкысын сууктан жакшы коргойт

Тес-Хемск аймагы Тыванын түштүк-чыгышында жайгашкан

Шагаа келгенде, аялдар таңды жаңы демделген чай менен тосуп, аны салт боюнча күнгө, жерге жана Чоң мекени – Тывага алик айтып ар тарапка чачышат.