БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда мурунку спикер Ахматбек Келдибековдун соту өтүп, анда күбөлөр сурак бергенин анын адвокаты Азимбек Бекназаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, кийинки соттук отурум 18-февралда уланат.
Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибековго Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу айып коюлган.
Мындан сырткары, Келдибеков коррупция жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен 2013-жылы камакка алынган. Коррупция беренеси боюнча сот Келдибековду актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион айып пул салган.