БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген келин 8-февралда кечинде каза болгонун Нарын облустук оорукананын башкы дарыгери Мурат Атбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
5-февралда денесинин 70-75 пайызы күйгөн келин жана 30 пайыздай денеси күйгөн күйөөсү экөө Нарын облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Милициянын маалыматына ылайык, Нарын шаарынын тургуну аялынын жумушуна келип, көтөрө келген бензинди чачып, өзүн жана жубайын өрттөгөн.
Атбаев учурда келиндин күйөөсүнүн абалы да оор экенин кошумчалады.
Милициянын айтымында, жубайлар Нарын шаарына жакында эле көчүп келишкен жана ажырашууга бир нече жолу аракет кылышкан. Алардын балдары болгон эмес.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.