БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко Infusion реалити-шоусунда финалдык беттешти утуп алганын Тайбокс федерациясы билдирди.
Иш-чара Таиланддын Самуи аралында өттү. Ага Түштүк Америка, Европа, Африка жана Азиядан төрт команда катышты. Эркек мушкерлерден жана атактуулардан турган топторго мушкер айымдар жетекчилик кылышты.
Шевченко финалда Африканын капитаны Летисия Бакисини утуп алды. Ага чейин мөөнөтүнөн мурда Азия командасынын лидери Шана Ламмерстин үстүнөн жеңишке жетишкен. Муну менен европалык реалити-шоунун алтынчы сезонунун жеңүүчүсү болуп калды.
Антонинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун айтымында, финалдык беттеш абдан татаал болуп, К1 эрежеси менен өткөн.
Негизги убакыттын үч раундунан кийин кошумча мөөнөт берилген. Шевченко ыкмаларынын артыкчылыгы менен атаандашын 5:0 эсебинде жеңип алган.