БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкекте көркөм муз тебүү боюнча ачык чемпионат өтө турганын шаардык спорт комитет билдирди.
Мелдеш 5-6-февралга белгиленип, шаардык муз айдыңында өтөрү айтылууда. Быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан турнирге 4 жаштан 15 жашка чейинки 50 фигуристтин катышары күтүлүп жатат. Ал эми былтыр мелдешке 60 спортчунун катышканы белгилүү.
Турнирдин жеңүүчүлөрү медаль, диплом жана баалуу байгелер менен сыйланат.