БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов ээлеген кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койду.
Маалыматка ылайык, Жалалов жумушун аткара албай жатканын айтып, иштен өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз жазган.
Өткөн жылдын соңунда өткөн өкмөттүн жыйынында Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалаловдун ишин канааттандырарлык эмес деп табуу чечими кабыл алынган.