БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Бишкекте өзүн өзү өрттөгөн адам каза болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Джумабеков билдирди.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жигит кече өзүн өзү өрттөп, ооруканага жаткырылган.
Денесинин 90 пайызы күйүп, жараатынын оордугун улам жан берди деди Джумабеков.