БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Февраль айында орто мектептерде англис тилинин жумалыгы өтө турганын Билим берүү жана министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жумалык 8-15-февраль күндөрү өтүп, окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.
Бир жуманын ичинде бардык билим берүү уюмдарында окуучулар арасында сынактар, көргөзмөлөр, жолугушуулар жана конференциялар өткөрүлмөкчү. Андан сырткары, 5-11-класстын окуучулары үчүн "Англис тили — эл аралык баарлашуунун тили" аттуу ачык сабактарды өткөрүү каралган.