Жети-Өгүздө жалган аскер билетин берген комиссариаттын кызматкерлери аныкталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАскердик билеттерди кармаган жоокерлер. Архив
Аскердик билеттерди кармаган жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү маалында мекеменин кызматкерлери бир жыл ичинде бир нече адамга альтернативалуу кызмат өтөдү деген билет берген.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун аскер комиссариатынын бир нече жаранга альтернативалык кызмат өтөгөндүгү тууралуу жалган аскердик билет берген фактысы аныкталганын Финансы полициясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган комиссариаттын кызматкерлери 2014-жылы жасалма билет берүү менен алектенип келишкен. 

Бул факты боюнча Балыкчы шаарынын аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0