БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандан барган жаран Санкт-Петербург шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап кеткени Россиянын аталган шаар боюнча Тергөө комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Анын жансыз денеси Грибоедов каналынын жээгинде жайгашкан үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Текшерүүнүн натыйжасында аталган жаран №19 үйдүн чатырын кардан тазалап жатканда белине байлаган трос үзүлүп кулап кеткени белгилүү болду. Натыйжада алган жарааттарынан улам ал каза болгон.
Тергөө комитети тергөөгө чейинки иликтөөнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алына турганын маалымдады.