БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы 20-январдан 22-январга чейин Бишкектин айрым кичи райондорунда газ өчүрүлө тургандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, түтүктөрдөн газдын сызылып чыгышын алдын алуу боюнча калыбына келтирүү иш-чаралары өткөрүлөт. Буга ылайык, шаардын түштүк тарабындагы "Ницца" шаарчасы менен 12-кичи райондогу муниципалдык наабайканада эки күн көгүлтүр от болбойт.