БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолукканын парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Эр-Рияд шаарында өткөн жолугушууда Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн канааттануу менен белгиледи. Тараптар кыргыз-сауд кызматташуусунун келечегин талкуулап, аларды ар тараптуу өнүктүрүүнү макулдашты", — деп билдирди маалымат кызматы.
Төрага Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясынын 17-январда башталган Сауд Аравиясына иш сапары 21-январга чейин уланат.