Бишкекте мугалимдер спорттун беш түрү боюнча күч сынашууда

© Фото / пресс-служба ГАФКиСТогуз коргоол оюуну. Архив
Тогуз коргоол оюуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күнгө созулган спартакиада кечээ ачылды. Ал волейбол, стритбол, стол тенниси, тогуз коргол, шахмат боюнча өтөрү белгилүү болду.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкекте шаардык мугалимдердин спартакиадасы өтүп жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылышы кечээ №2 орто мектепте өттү. Спартакиада 14-16-январь күндөрү спорттун беш түрү — волейбол, стритбол, стол тенниси, тогуз коргол, шахмат боюнча өтөрү белгилүү болду.

Спорттук иш-чаранын расмий жабылуу аземи №2 орто мектепте 22-январь күнү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0