Теледолбоордо катышкан "депутат-таксист" жол эрежесин сактаган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынан депутат Жылкыбаев. Архив
КСДП фракциясынан депутат Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынан депутат Жылкыбаевдин "В" жана "С" категориясындагы айдоо күбөлүгү бар. "Жол эрежесин ар дайым сактаганга аракет жасайм" дегени менен ТВ долбоордо коопсуздук курун тагынган эмес.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Депутаттарды элге жакындатуу максатында парламенттин маалымат кызматы "Парламент-такси" теледолбоорун ишке киргизди. 

Бул долбоор коомчулук, анын ичинен социалдык тармактарда ар кыл пикирлерди жаратты. Бир катарлары жактырса, бир катарлары сындап чыкты. 

Долбоорго алгачкылардан болуп катышкан КСДП фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев коопсуздук курун тагынбай, жол эрежесин бузгандыгын, эл өкүлүнүн мамлекеттик унааны айдап чыккандыгын социалдык тармактардын кээ бир колдонуучулары нааразы болуп жазып чыгышты.  

Карашев: Ош — Бишкек унаа жолундагы автотыгындын себепкерлери жазага тартылышы керек
Видеодо депутат Лейлек аймагынан келген эки байбичени "Пригородный" дачасындагы кызынын үйүнө жеткирет. Жол бою алардын бири менен курган маегинде эл өкүлү коопсуздук курун тагынууну эстен чыгарган.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча административдик кодекстин 227-беренесине ылайык коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 300 сом айып пул салынат.

Бирок, ошол күнү депутаттын жолу болуп, бир дагы ЖКК кызматкеринин колуна түшкөн эмес. 

Мыйзам чыгаруучу адамдар дагы мыйзам бузушабы деген суроо менен Sputnik Кыргызстан депутаттын өзүнө кайрылганда, ал күнөөсүз экенин билдирди.

"Долбоордун уюштуруучулары парламенттин басма сөз кызматынын кызматтык унаасын айдоого беришкен. Анын коопсуздук куру көптөн бери колдонулбай чаң толуп калганбы, тагынайын десем иштебей койду", — деп билдирди Жылкыбаев. 

Анын айтымында, "коопсуздук куру иштебей турганын уюштуруучуларга айтса, "отура бериңиз" деп коюшкан. 

"Жол эрежесин ар дайым сактоого аракет жасайм", — деген эл өкүл "В" жана "С" категориясындагы айдоочулук күбөлүгү бар экенин кошумчалады. 

Белгилей кетчү нерсе, долбоордогу унаа парламенттин басма сөз кызматынын кызматтык унаасы. Жылкыбаевдин айтуусу боюнча, уюштуруучулар эл өкүлүнө өзүнүн унаасын айдап чыгууга уруксат берген эмес.  

Жаңылыктар түрмөгү
0