БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкекте эртеңден баштап эки саатта паспорт берүүчү дагы бир калкты тейлөө борбору ачыла турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы борбор Тынчтык проспектиси, 95 дареги боюнча жайгашкан.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте ири Калкты тейлөө борбору ачылып, ушу кезге чейин 500 кыргызстандыкты тейлеп келди. Мындан тышкары, Каракол шаарында жана Баткен облусунда жергиликтүү эл бирдиктүү борбордон тейленип келүүдө.