БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-16-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайда бокс боюнча биринчилик өтө турганын Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Таймаш "Тарых жана маданият" жылына арналып өткөрүлүүдө. Анда өлкөнүн 150дөн ашуун мушкер ат салышмакчы. Жыйынтыгында мыкты деп табылган спортчулардан курама команда түзүлүп, ал Кыргызстандын атынан Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышат.
Быйыл кыргызстандык команданын Азия жана дүйнө чемпионаттарына катышары күтүлүп жатат.