Башкаруу академиясы 250 миң сомдук бир нече кофе-брейк үчүн тендер жарыялады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүКафе кызматкерлери тамак аш даярдап жатат. Архив
Кафе кызматкерлери тамак аш даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Академиянын билдирүүсүнө ылайык, тендерди утуп алган уюм окуу жай үчүн 10 кофе-брейк өткөрүп берет.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Президенттин алдындагы башкаруу академиясы сегиз күн ичинде өтүүчү семинар убагында кофе-брейк уюштурууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылууда.

Маалыматка ылайык, кофе-брейктерди өткөрүү үчүн 246 миң 400 сом каралган. Мында кофе-брейктер бир күндө эки жолу өткөрүлмөкчү.

Маалыматка ылайык, академия бүгүнтөн баштап тендерге катыша турган уюм-ишканалардан арыздарды кабыл ала баштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0