2015-жылдын инсандары

© Sputnik / Актан ТемиркановТабылды Эгембердиев. Архив
Табылды Эгембердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан өткөн жылы ийгиликтери же жеңилиштери менен мекендештерин кайдыгер калтырбаган инсандарды көздөн кечирди.

Аларга кызыл килем деле төшөбөйбүз, жылдын мыктылары деген наамды салтанаттуу түрдө ыйгарбайбыз деле, болгону кайрадан бир ирет эсиңиздерге салабыз.

Ал киши кадимки эле улуттук жарма, максым, бозосун даңазалап, кыргыздар эле эмес, башкалар тамшанып ичкен суусундуктарга айландырды. Адам иштегенде гана эс аларын, дем алыш күндөрүн жактырбай тургандыгын айткан жайы бар. Ал кыргыздын демине, дымагына суктанып өттү, андыктан бул инсандагы эркиндиктин духун эч ким баса албайт эле. Алдыда көп максаттары бар болучу, анысын аягына чейин аткара албагандыгын да сезчү кшойт. "Пландар көп, атаңдын көрү, үлгүрбөй каламбы деп корком" деп айтканы күнү бүгүнкүдөй эсимде калыптыр. Ал 2015-жылы 16-майда 65 жашында дүйнө салды. "Шоронун" негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узатууга келген элдин аягы көрүнбөй, топурак салам дегендер арбын болду. 

Патриот. 28-июлга чейин 10 видеоклиптери жана 30 музыкалык композициясы менен белгилүү болучу. Бул ырчынын атагы тартип коргоо органдары алдамчылыкка шек санап кармагандан кийин, андан ары да асмандады. Талас облусунун жашоочусу "40 тонна төө буурчак алып кетип, акчасын берген жок" деген доомат койгон. Ырчынын күйөрмандары, кулагын түргөндөр, күнөөсү бар, жоктугун "иликтеп башташты". Тилде сөөк жок эмеспи… Ал эми пландалган концерттер милициянын көзөмөлүнө, жүрөктүн оорусуна жана ооруканага алмашты. Андан кийин баш коргоо чарасын өзгөртүп, андан соң премьердин кепилдиги менен эркиндикке чыгарышты, бир топ убакыт өтүп, ишти таптакыр жабышты. Өмүрбек Жанышевге (Омар) каршы козголгон иштен кылмыштын белгилери табылган жок. 

© Эльмира СоютбековаМитинг в поддержку Омара проходит в Таласе
Митинг в поддержку Омара проходит в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Митинг в поддержку Омара проходит в Таласе

Ал Бишкектеги мектептердин бириндеги 10-класстын окуучусу эле. Өзүн өзгөчөлөнгөн деле чүрөкмөн деп эсептебейт, бирок, анын көздөрү тээ алыстан Кыргызстанга шамал айдап келген румыниялык фотографты чыгармачыл адам катары жипсиз байлап алыптыр. Кыз-келиндердин табигый сулуулугун издеп, 37 өлкөнү кыдырып келе жаткан бул европалыкты Бишкекке ошол көздөр "тык" токтотту. Мектеп окуучусу, таттуу токочторду саткан Канышай Бейшекеева эки айдан кийин "Дүйнөнүн атласы" деп аталган эл аралык долбоордон өзүн көргөндө таңгалгандыгын айтпаңыз. Ошентип, биздин Канышай дүйнөгө таанылды. 

© Mihaela NorocАвтор "Атласа красоты": глаза обычной продавщицы из Бишкека пленили меня
Автор Атласа красоты: глаза обычной продавщицы из Бишкека пленили меня - Sputnik Кыргызстан
Автор "Атласа красоты": глаза обычной продавщицы из Бишкека пленили меня

Ал перу клубунун мыкты өкүлү – тай боксу боюнча 17 титулдун ээси. Бул кыз караңгыда көчөдө жүргөндөн коркпоорун айтып берген. Тай боксу боюнча Бангокто өткөн дүйнөнүн чемпиондугунда Марокко, Израиль, Бельгия жана Белоруссиядан келген спортчу атаандаштарын жеңип, алтын тагынып, "Королдук кубокту" ээледи. IFMA муай тай федерациясы кыргызстандык Валентина Шевченкону 2015-жылдын мыкты тай боксчусу деп атады. 

© Фото / пресс-служба тайского бокса КРВалентину Шевченко признали лучшей женщиной-тайбоксером
Валентину Шевченко признали лучшей женщиной-тайбоксером - Sputnik Кыргызстан
Валентину Шевченко признали лучшей женщиной-тайбоксером

Анын жарык дүйнөгө келишин өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өзү жар салды. Анын урматына чоң концерт уюштурулуп, салют атылды. Алты миллионунчу кыргызстандык болуп кыз бала төрөлдү. Ал Ош облусундагы Улуттук Гвардиянын кызматкери Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө алтынчы бөбөк болуп келди. Салмагы 3 килограмм 870 грамм экенин айтышты. Айтмакчы, "Юбилейлик" бөбөк болууга 122 ымыркайдын туулган учуру жакындаган. Буйрукка айла жок экен, алардын ичинен 26-ноябрда саат 18.12де жарык дүйнөгө келген Айлин Кожошева алты миллионунчу болду

Ал исламдагы такфиристтик агымдарга каршы, ал эми "Ислам мамлекетинин" тарабына өткөндөргө өлүм жазасын киргизүү зарылдыгын айткан. Социалдык тармактарындагы барагына радикалдашкан ислам боюнча кескин пикирлерин жазып турган. Кыргызстандагы терроризмге каршы күрөш боюнча маалымат жыйынын өткөрүүгө ниет кылып жатып, ага жетишпей калды. Себеби, бир күн мурда "Аллах акбар муртад" деп кыйкырган кара түстүү автоунаачан адамдар кол салып, оор абалда ооруканага түштү. Белгилүү теолог Кадыр Маликов коопсуздугу үчүн ооруканада күнү-түнү кайтарууга алынып, ал эми ага кол салгандар кармалды. Бул да кыргыз коомчулугун "селт" эттирген окуялардын бири болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции
Известный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции - Sputnik Кыргызстан
Известный теолог Кадыр Маликов на пресс-конференции

Быйыл ал күйөрмандарын бир эмес, бир нече ирет таңгалдырды. Атаандаштарын алыс таштады. Ал эң кымбат жарым коргоочу – трансфердик баасы 350 миң евро турат. Иорданияда өткөн ноябрдагы беттешүүдө гол киргизип, Кыргызстандын FIFAдагы рейтингин жаңыртып, 16-орунга көтөрдү. 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо үчүн өткөн оюндарда өзүн Кыргызстандын эң мыкты оюнчусу катары көрсөттү. Ал эми келинчеги шаардын мыкты волейболчусу деп таанылды. Өзү FFKR Football Awards — 2015 сыйлыгын тапшыруу учурунда мыкты оюнчу деген наамга татыды. Антон Землянухин бул номинацияда өзүнүн өнөктөштөрү коргоочуАзамат Байматов менен дарбазачы Павел Матяшты артка калтырды

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч Кыргызстан — Бангладеш
Матч Кыргызстан — Бангладеш - Sputnik Кыргызстан
Матч Кыргызстан — Бангладеш
 

Ал — "Себат" билим берүү мекемесинин сыймыгы. Жакында эле Түштүк Кореяда планетанын эң мыкты жана акылдуу окуучуларынын таймашына катышып, коло медалды утуп келди. Нарындагы балдар лицейинин окуучусу Чыңгыз Тилебалдиев Түштүк Кореяда болгон XII International Junior Science (IJSO- 2015) олимпиадасынан олжолуу кайтты. Бул окуучусу менен кыргызстандыктар чексиз сыймыктанып турган чак. Баса, таймаш жалаң англис тилинде өткөндүгүн эске сала кетели. 

Жыл мыктылары-2015: Атамбаев менен Салянова "Жыл адамы", Каптагаев мыкты губернатор
Жакында эле бул чыканактай кыз биз көптөн күткөн жеңиш менен камсыз кылып, намысты алып берди. Стамбулда өткөн эл аралык конкурста жыйырма өлкөдөн катышкан атаандаштарынын арасынан "Ким билет" ыры менен суурулуп чыкты. Кыргызстандык эстрада ырчысы Жийдеш Идирисова Turkvizyon-2015 ыр таймашынан ошентип, олжолуу кайтты. 

Жакында эле ага эл аралык класстагы спорттун чебери наамы ыйгарылды. Бул жөн жерден берилген жок. Маңдай тер, эмгек, мээнет менен келди. Үстүбүздөгү жылдын 11-12-декабрь күндөрү Москва шаарында профессионалдык жоокер самбосу боюнча XXI дүйнө чемпионаты болуп, анда жоокердик самбо боюнча дүйнө чемпионатын жеңип алды. Биринчиликке жетип, "Айкөл-Манас Кыргызстан" клубунун өкүлү "Алтын бала" каймана аты бар Жаркынбек Байзаков алтын медалга ээ болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0