БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен эки офицерге "генерал майор" наамдары берилгенин президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган наамдар Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшембиевге жана УКМКнын төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге ыйгарылды.