БИШКЕК, 30 дек — Sputnik. Москванын батышында кыргызстандык жаранды тоноп кетишти. Бейтааныш адамдар жабырлануучуну токмоктоп жети миллион рублин алып коюшкан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин корреспондентине Россиянын Москва боюнча ИИМнин башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмү билдирди.
Полициянын маалыматы боюнча 29-декабрда саат 16.00 чамасында укук коргоо органдарына 40 жаштагы кыргызстандык кайрылган. Жабырлануучу бир күн мурда саат 18.00 чамасында белгисиз адамдар 7 миллион рублин тартып алганын билдирген. Уурулук Денис Давыдов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болуп, кылмышкерлер изин суутуп кеткен.
Учурда Россиянын кылмыш кодексинин 161-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.