БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу тартылуучу тасманын сынагына төрт сценарий түшкөнүн "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Улан Исмаилов билдирди.
Буга чейин тасма тартууга аталган фонддун жетекчиси Самат Ибраев жеке каражатынан 100 миллион сом бөлүп, ал эми режиссерлугуна Эрнест Абдыжапаров тандалып алынганы белгилүү болгон.
Маалыматка ылайык, сынактын жалпы байге фондусуна 7000 доллар сыйлык бөлүнүп, биринчи орунга үч миң, экинчи орунга эки миң жана эки үчүнчү орунга миң доллардан каралган.
Сынактын жыйынтыгы 2016-жылдын 25-январында чыгат. Уюштуруучулар ага чейин сценарийлер кабыл алына берерин белгилейт.