Жалал-Абадда кармалган террорчулар бир катар кол салууларды даярдап келген

© Азиза ПусурманкуловаЖалал-Абадда кармалган "Ахмадия" диний агымынын мүчөлөрү
Жалал-Абадда кармалган Ахмадия диний агымынын мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тавхид ва жихад" уюмунун курамындагы кылмышкерлердин адам өлтүрүү жана ишкерлерди талап-тоноо пландары аныкталды

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда кармалган террорчулар "Ахмадия" диний агымынын мүчөлөрүнө кол салууга даярданып жүрүшкөнүн Ош ШИИБ билдирди.

Саясат таануучу: ислам коалициясы шииттер менен сунниттердин тирешүүсүн күчөтөт
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында террорчулар аталган шаарда Нагима Айтматова көчөсүнүн №3 үйүнүн батиринде жашырынып отурган жеринен колго түшкөн.

Милициянын айтымында, кармалгандар Кара-Кыштак айылынын тургуну, "Ахмадия" диний агымынын мүчөсү 37 жаштагы Юнусжан Абдужалиловду өлтүрүүгө катыштыгы болгон. Топтун курамындагы алты кишинин төртөө Өзбекстандын жарандары экени аныкталган

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлер Кара-Суу базарында соода кылган жарандарды талап-тоноого белсенип келгени анык болду. 

Учурда камакта отургандардын Ош шаары жана Ош облусунда болгон кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0