БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бишкекте экинчи ирет өтүп жаткан "Ынтымак" спартакиадасына катышуу үчүн 260тан ашуун спортчу келгенин Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Турнир кечээ Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын манежинде өтүүдө.
Спортчулар спартакиадада волейбол, мини-футбол, аркан тартмай жана жеңил атлетика боюнча күч сынашат.
Иш-чара эртең, 26-декабрь күнү аягына чыгары маалымдалды.