Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү менен жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда өтүүдө.
Бул маалымат жыйынга жергиликтүү жана чет элдик 76 ЖМКдан 140тан ашык журналист катышууда.
2014-жылкы маалымат жыйынга 60 ЖМКдан 70тен ашык журналист катышкан.
Анда Алмазбек Атамбаев саясат, экономика жаатындагы жана коңшу мамлекеттер менен болгон алака, ЕАЭБге кирүү сыяктуу суроолорго жооп берген.