БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Оштун аэропортунан бөлөк бирөөнүн паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, окуя "Стамбул — Ош" авиакаттамын текшерүү учурунда аныкталган. Мында 49 жаштагы аял өзүнүн сүрөтүн башка бирөөгө таандык паспортко чаптап Түркиядан Кыргызстанга учуп келген.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.