Өткөн жуманын олуттуу делген окуялары менен Sputnik маалымат агенттиги даярдаган сүрөт баяндан таанышыңыздар.
Кытайдын Хайнань аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" конкурсунун финалы, Сиднейде болгон катуу шамалдын кесепети, 26 градус суукка карабай машыгууларды өткөргөн Кытайдын аскерлери, Россиянын президенти Владимир Путиндин жылдык маалымат жыйыны, жаңы жыл алдындагы чуркоо, "Ала-Тоо" аянтына коюлган жаңы жылдык балатыны сүрөттөн караңыз.
Испаниядан келген Мирейя Лалагуна Ройо Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында өткөн "Дүйнө сулуусу" конкурсунда жеңүүчү болду. Россиялык София Никитчук экинчи болсо, Индонезиянын өкүлү үчүнчү орунду камсыз кылды. Кыргызстандык Таттыбүбү Самидин кызы алдыңкы орундарга илинбей калды
Наньян шаарындагы колодон жасалган Гуань Юйдин эстелигин оңдоп жатышат. Айкелдин бийиктиги 62 метр жана ал 15 метрлик тактынын үстүндө турат, анын жалпы бийиктиги 77 метр
АКШда өткөн "Аалам сулуусу – 2015" дүйнөлүк сулуулар конкурсунда абдан оңтойсуз абал жаралды. Алып баруучунун катачылыгынан улам баш байге туура эмес кишиге тапшырылды. Колумбиядан келген Ариадна Гутиере таажыны бир канча мүнөт кийип, кайтадан чечүүгө аргасыз болду. Ошентип биринчи орунду Филиппинден келген Пия Алонсо Вуртсбах алды. Сүрөттө Колумбиядан келген Ариадна Гутиере таажыны чечип жатат
Австралиянын Сидней шаарында ылдамдыгы саатына 213 чакырымга жеткен шамал болуп, көптөгөн чыгымдарды алып келди. 10 миңден ашык киши электр жарыгы жок калды
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Волгоград шаарындагы көп кабаттуу үйдө газдын жарылуусунан чыккан өрттү өчүрүүдө. Анын кесепетинин бир киши каза болуп, 11 киши ооруканага жаткырылган
"Фенербахче" баскетбол клубунун башкы машыктыруучусу Желько Обрадович Россиянын "Химки" клубу менен болгон беттеш учурунда. Оюн 70:68 эсебинде түрк командасынын пайдасына аяктады
Рождество жармаңкесинин алкагында кооздолгон имараттар. Москва. "Рождествого саякат" фестивалынын алкагында Москва шаары 100 чакырымга жеткен гирлянддар менен кооздолот
Ишемби күнү "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысы ачылды. Балатынан бийиктиги 25 метр жана төмөнкү бөлүгүнүн диаметри 12 метрге жетет. Быйыл борбордук аянтка Кытайдан алып келинген жасалма балаты коюлду
Россиянын президенти Владимир Путин жылдык чоң маалымат жыйын өткөрдү. Анда жетекчи өлкөнүн экономикалык абалы, күн тартибиндеги Россия менен Түркиянын мамилеси, Украинадагы абал сыяктуу олуттуу темаларга жооп берди.