00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Как будет проходить сельскохозяйственная перепись в Кыргызстане
08:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Паспорт без второго согласия: как может измениться выезд детей за границу
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эл аралык сынак жана инклюзия: сурдокотормочуларды даярдоого грант
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Евразийский узел. Почему агрессия против Ирана вредит интересам России, Китая и ЦА?
20:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Беш өрдөк: Ташиевди иттей тепкилегенге күчү жеткен Абдраимов, ээрден шыпырылчу Турганбаев

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Ташиев менен Мамытовдун мээсин чагып, тынчыткысы келип…

"Азия News" гезити 10-декабарда чыккан санында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун мээсин чагып, тынчыткысы келгенин жазып чыкты. Гезитке мындай маекти Абдраимов өзү берген дейт гезит.

"…Тойдо баары менин сөзүмө көңүл буруп калды… Өмүрбек Бабанов баш болуп, бетимен өпкүлөп, баары ордунан тура калышты. Төр тарапта Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов отуруптур, айбат кылгандай түр жасашып. Ташиев үн катты: "Бир күнү жооп бересиң, сени жайлайм!" дейт. "Чыкчы бери?!" дедим. Ортого кишилер түшө калды. Тиги жанындагы Талант да делдеңдеп жүрөт. Ажыратып коюшту да, болбосо Ташиев менен Таланттын мээсин чагып, ошол жерден тынчытат элем", — деген сөзүн аталган гезит жарыялады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун жардамчысы Муратбек Нурмаматов БШК жетекчиси гезитке мындай интервью бербегенин Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аталган гезитке интервью берген эмес", — деди ал.

Турганбаев жаңы жылдан кийин ээрден оодарылат имиш 

Газетадан жасалган шляпа кийген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: Текебаевдин кекиртегине чыккан "рак", эптеп илимдин кандидаты болгон Алтыбаева
"Ачык саясат Plus" гезити 11-декабрда чыккан санында Ички иштер министри Мелис Турганбаев жаңы жылдан кийин кызматтан кетип, анын ордуна Бакыт Жусубалиев, же Кашкар Жунушалиев министр болот экен деп жазды.

"Мелис Турганбаев жаңы жылдан кийин министрликтен кетээри туурасында сөз болуп жатат. Угушубузга караганда Коргоо кеңешине барчудай. Ал эми анын ордуна министр болчулар — Бакыт Жусубалиев менен Кашкар Жунушалиев… Милиция кызматкерлеринин айтымына караганда министрликке Бакыт Жусубалиевдин келишин каалап жатышкан экен", — деп жазат аталган гезит.

Гезитке чыккан бул маалымат боюнча ички иштер министри Мелис Турганбаевдин маалыматы бар экенин ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Sputnik агенттигине билдирди.

"Бул маалыматтарды ушак катары кабыл алыш керек. Мындай маанайдагы кабар кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен жарыяланган болушу ыктымал. Учурда министр милиция кызматкерлерине шарт түзүп, реформаларды ишке ашыруу боюнча иштерди жасап жатат", — деди ал.

Сейитов ошондой эле, министрлик кийинки жылы жасала турган иштердин пландарын түзүп чыкканын кошумчалады.

Орун басардын жаман ою же Таластын жетекчиси болгусу келген Кенекеев

"Азия News" гезити 10-декабрда чыккан санында Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарлыгына да ыраазы болбогон Дайыр Кенекеев облус башчысы болууга тымызын көзүн кызартып жатыптыр деп жазды.

Беш өрдөк: адалсынган Зулпукаровдун эшекканасы жана Мадумаровдун "бандасы"
"Ушул күндөрү облус губернаторунун 1-орун басарлык кызматына да ыраазы болбогон Дакең жогору жакка киши салып, Жуманазаровду жаманаттылоо менен шугулданып, тымызын анын ордуна көз кызартып жаткандыгын айланасындагылар эле кеп кылышууда. Алчы-таасын жеген Байышбек байкебиз деле боконосу ката элек Кенекеевге оңой менен алдыра койбосо керек", — деп жазат аталган гезит.

Дайыр Кенекеев гезитте жазылган мындай маалыматтарга көнүп калганын Sputnik агенттигине берген маегинде белгиледи. 

"Учурда биз Байыш Токтомушевич менен эриш-аркак иштеп жатабыз. Мындай маанайда жазылган маалыматтарга көнүп калганбыз. Себеби, буга чейин министр болуп да иштегем. Бир кызматка келсең ал иштин бир минус жагы да бар. Мен муну ошолордун бири катары эле баалайм. Гезиттин жазгандары чындыкка жатпайт, жалган", — деди ал.

Кенекеев жаратылышынан эле бирөөнүн креслосуна көз артпасын, анын натурасы ушундай экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0