БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн эртең менен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жердин силкинүүсү саат 9.50дө катталган.
Жер титирөөнүн очогу өлкө аймагындагы Көсөө-Терек айылынан түндүк-батышты карай 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Бабаш-Ата тоосунда жайгашып, MSK-64 шкаласы боюнча 4 баллга жеткен. Мында Көсөө-Терек айылында 3, Кара-Көл шаарында 2,5 балл болуп сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулар катталган жок.