БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкектин "Көк-Жар" жаңы конушундагы салынып жаткан №182 бала бакчанын ички жумуштары жасалып жатканы Октябрь районунун башчысы Болот Алымкуловдун курулуш менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Учурда аталган бала бакчанын курулушу район жетекчиси менен мэрдин жеке көзөмөлүндө турат.
Маалыматка ылайык, бригадирлер кыш мезгилинин келиши менен бир катар кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтышкан. Буга карабастан, курулуш үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү каралган.
Бул бакчада 280 бала тарбияланмакчы.