00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: Араванда мектептин курулушун кечеңдеткендер жазага тартылат

Жазылуу
Сот ишинен улам курулушу создугуп кеткен мектептин учурда биринчи кабаты салынып жатат. Ал эми балдар билим алууга ылайыкташтырылган үйлөрдө окууда.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Араван районундагы Мангыт айылдык мектептин курулушун кечиктиргендер жазага тартыла турганын премьер-министри Темир Сариев Ош облусуна болгон иш сапарынын учурунда билдирди. 

Араван районундагы 500 ашуун бала билим алып жаткан Бекенов атындагы мектеп 17-ноябрдагы жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган. Окуу-жайы 1987-жылы курулуп, андан бери карай оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Сариев: курулуп жаткан мектептердин бир чарчы аянты 400 доллардан ашпаш керек
Өкмөт башчы бул мектепти 2016-жылкы "капиталдык салым" эсебинен курулчу объектилердин катарына киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим калктын саны жылдан-жылга көбөйүп, ал эми мектептеги орундар жетишсиз болуп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Ошондой эле Сариев өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай агенттигинин ишин сынга алып, Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылдык мектебинин курулуш мөөнөтүн сактабагандыгын айтты.

Мурда маалымдалагандай, бир нече жер титирөөдөн соң, бул окуу жайы авариялык абалда деп таанылып, балдар чатырларда билим ала баштаган. Учурда окуучуларга сабак окууга ыңгайлаштырылган үйлөрдө өтүүдө.

"Кызматтык иликтөө жүргүзүп, кайсы себепке байланыштуу иш өз мөөнөтүндө бүткөрүлбөгөндүгүн аныктоо жана күнөөлүүлөрдү мыйзам иретинде жоопко тартуу зарыл. Курулуш үчүн акча каражаты толук түрдө бөлүнгөн, бирок мектеп али бүтпөй турат. Балдар чатырларда билим алууда. Мындайга жол берилбеши керек", — деди Сариев.

Маалыматка ылайык, подрядчыларга байланышкан көйгөйлөрдөн улам сот териштүүлөрү жүрүп, натыйжада курулуш иши создугуп кеткен. Учурда имараттын биринчи кабаты гана курулууда. Долбоордук планга ылайык, эки кабаттуу окуу-жайы 300 орунга ылайыкталган, ал үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре ишке берилиши керек. Бирок курулуш белгиленген мөөнөттө бүтпөй калышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0