БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин академиясында милиция кызматкерлеринин ар-намысына доо кетирүүчү жалган маалыматтардан коргоого арналган тегерек стол өтө турганын аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара эртең, 30-ноябрда өтөт. Ага укук коргоо органдарынын, Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана окутуучулар катышат.
Уюштуруучулар тегерек стол милиция кызматкеринин ар-намысына шек келтирген жалган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу, сунуштардын негизинде анын жол-жобосун иштеп чыгуу маселелери каралмакчы.