Нарында жыл башынан бери жол кырсыгынан тогуз киши каза болгон

© flickr.com / TylerАвтоунаанын спидометри. Архив
Автоунаанын спидометри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус аймагында 89 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 128 киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нарын облусунда он айдын жыйынтыгында тогуз киши жол кырсыгынан каза болгонун облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус аймагында 89 жол кырсыгы каттоого алынган. Анын кесепетинен 128 киши түрдүү жаракат алды.

Облус аймагында жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инспекторлор тарабынан профилактикалык иш-чаралар аткарылып жатканын облустук милициядан баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0