БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы ресторандардын биринде үйлөнүү той болуп жаткан учурда, келиндин курбусун күйөө баланын айылдаш досу "үйүңө жеткизип коем" деп алдап, ээн талаага алып барып коркутуп зордуктап койгон. Окуя 25-ноябрда түнкү саат 11.10дө болгонун Жалал-Абад РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Зордуктоодон кыз денесинен жаракат алып, Базар-Коргон аймактык оорукананын гинекология бөлүмүнө жаткырылган.
Райондук ИИБдин Кылмыш иликтөөчүлөрү кылмышка шектүү катары Базар-Коргон айылынын 21 жаштагы тургунун кармаган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери улантылууда.