БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Адамды тапанча менен коркутуп, шаардан обочо алып баргандан кийин ири көлөмдөгү акчасын алып кеткен 25-27 жаштардагы эки азиат улутундагы жаран изделип жатканын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Лермонтов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эки адам шаар тургунун тапанча менен коркутуп, машинесин Чүй проспектиси менен Чолпон-Ата көчөсүнүн аймагындагы ээн жерге айдатып барып, 41 миң сомун алып кеткен.
Аталган факт боюнча "Каракчылык" жана "Адам уурдоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Милиция окуяга күбө болгондорго, же белгисиз адамдардын чоо-жайын билгендерге маалымат берип коюу өтүнүчү менен кайрылат.