Аны туроператорлор жергиликтүү тургундар менен бирге уюштурганын демилгечилердин бири Эмил Ибаков билдирди.
"Биз аймактагы туризмди өнүктүрүүнү каалайбыз. Бул аракеттер айылдын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, аймакты бир гана Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө таанытат",— дейт Ибаков.
Тургундар келген конокторго кийизден буюм жасоо боюнча мастер-класс өткөрүп, элдик кол өнөрчүлүк тууралуу айтып беришти. Ал эми турагенттиктердин инструкторлору айылдыктарга лыжа тебкенди үйрөтүштү.
Атайын долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Жыргалаң, Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш аймактарына база куруу пландалууда.

1/12
© Азамат Айтбаев
Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында кышкы тоо лыжа сезонунун ачылышы өттү

2/12
© Азамат Айтбаев
Майрамды туроператорлор жергиликтүү тургундар менен биргеликте уюштурушту

3/12
© Азамат Айтбаев
Жергиликтүү тургундар келген конокторго кийизден буюм жасоо боюнча мастер класс көрсөтүштү

4/12
© Азамат Айтбаев
Фестиваль 21-22-ноябрда турагенттиктердин, интернет блоггерлердин, журналисттердин жана сергек жашоону жактыргандардын катышуусу менен өттү

5/12
© Фото / Азамат Айтбаев
Жыргалаңдын табияты кооз болгондуктан лыжа сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бурат

6/12
© Азамат Айтбаев
Фестивалдын коноктору карда жүрүүчү унааларга түшүп көңүл ачышты

7/12
© Азамат Айтбаев
Турагенттиктердин инструкторлору айылдыктарга лыжа тебүүнүн сырларын ачышты

8/12
© Азамат Айтбаев
Айылдыктар фестивалды колдоого алып, келген коноктор үчүн ыр-бий тартуулашты

9/12
© Азамат Айтбаев
Жаргалаңдыктар Семен Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы" сүрөтүн кийизге түшүргөн

10/12
© Азамат Айтбаев
Жыргалаңдагы кыш сезону жарым жылга чейин созулгандыктан көп убакытка чейин лыжа сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат

11/12
© Фото / Азамат Айтбаев
Моокуму канган лыжачылар эс алууда...

12/12
© Азамат Айтбаев
Балдар "Жыргалаңга кош клиңиздер, эшик ар дайым ачык" деп конокторго кайрылууда