Бишкектиктер китепканадан кайсы китептерди көп алып окушат?

© Sputnik / Александр Поготов / Медиабанкка өтүүКитепкананад китеп тандап жаткан кыз. Архив
Китепкананад китеп тандап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыңгыз Айтматовдун повесттери менен аңгемелеринин, "Манас" жана "Көк мээнин" мукабалары бир топ эле эскирип алган. Себеби, буларды китеп сүйүүчүлөр үйлөрүнө көп алып кетишет.

Sputnik агенттиги шаардыктардын бош убактысында кайсы китептерди көп окуй тургандыгына кызыгып көрдү.

Биринчи орунда алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тургандыгы таңгалыштуу деле эмес. Бул жазуучуну окуган эмесмин дегендин өзү эле уят! 

Ал эми "кыргыз рухунун туу чокусу" экинчи тизмекте турат. "Манас" эпосунун бир нече манасчынын айтуусундагы варианттары жарык көргөндүгүн эске алсак, бул жаатта ким каалаганын тандап окуса болот. 

Үчүнчү орунда орустун улуу жазуучусу Федор Достоевский турат экен. Анын "Көк мээ" романы Бишкектик китеп сүйүүчүлөр арасында 1968-жылдан тарта суроо-талап менен окулуп келээрин билдиришти. 

Дагы бир авторлордун бири – Александр Островскийдин тандалмалары тандалып окулган чыгармалардан. Андыктан, эгер үйдө болсо, авторго кайрадан көз салып койсоңуз ашыктык кылбайт. 

Окуучу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башталгыч класстын окуучуларына ата-энелер китеп окуп берет
Көп окулган китептердин катарына орус тилдүү авторлор Александра Маринина, Дарья Донцова жана Татьяна Устиновалар кирет экен. 

Кийинки катарда кыргыз прозасы менен драматургиясынын өкүлү Касымалы Жантөшевдин тамаша аралаш айтылып жүргөн, "отка салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" "Каныбеги" кирет. Айтмакчы, бул чыгарманын негизинде режиссер Геннадий Базаров 1979-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында "Каныбек" көркөм тасмасын тарткан. 

Окурмандардын суроо-талабынын жетинчи орунунда советтик-америкалык жазуучу жана журналист Сергей Довлатовдун калемине таандык эмгектер турат экен. 

Сегизинчи сапта уюшулган кутумчулук менен сырга толгон окуялар туурасындагы чыгармалар турары белгилүү болду. Дэн Браундун "Код да Винчи" жана "Периште жана шайтан" окулат экен. 

Анткен менен бул автордун чыгармаларына кызыгып кетип, салттуу адабияттан алыстап калбоону эскертебиз. 

Тогузунчу тизмеде атактуу "Алхимик" турат. Пауло Коэльонун бул китеби дүйнөдө 177 өлкөгө тарап, 67 тилге которулуптур. 

Онунчу орунда атактуу акыл Алыкул Осмонов окулат экен. Кыргыз поэзия күйөрмандары быйыл классик акындын жүз жылдыгын белгилеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0