БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкекте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында кол күрөш боюнча мелдеш өтүп жатканын мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, таймаш XVI спартакиаданын алкагында өтүүдө. Анда угуусу начар, баса албаган жана борбордук нерв системасы жабыркаган майыптар күч сынашып жатат.
Учурда турнирге 168 спортчу катышууда. Мелдеш үч күнгө созулуп, 21-ноябрда аяктайт.