БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар кариестен жабыркаган тиштин эмалын калыбына келтирүүчү ыкманы ойлоп таап, атайын гель жасашты. Ал эмалды гана калыбына келтирбестен тиш ооруну да жок кылат деп айтылат Bipmaterials журналына жарык көргөн макалада.
"ММР-20 белогу эмаль жаңы калыптанып баштаган учурунда бөлүнүп чыгат. Ал эмаль кристалдашып жаткан учурда башка белокторду "жара чаап", башка элементтердин таасири менен эмаль чыгарган клеткаларга кристалды тазалап, тишти калыптандыруучу биоматериалдын көп бөлүп чыгуусуна мүмкүнчүлүк берет", — дейт Лос-Анжелестеги Түштүк Колифорния университетинин окумуштуусу Морадиан-Олдак.
Жакында эле окумуштуулар тиштин эмалынын морт болуу оорусу ММР-20 белогундагы гендин мутация болушунан улам пайда болорун аныкташты. Макаланын акторлору аталган фермент эмалдын калыптанышында маанилүү роль ойнойт деп болжошууда.