БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Хаят" мейманканасына бомба коюлду деген маалымат такталбаганын ИИМден билдиришти.
Бүгүн эртең менен Бишкек шаарындагы "Хаят" мейманканасына бомба коюлду деген маалымат милицияга түшүп, имарат ичиндеги эл сыртка чыгарылып, саперлор имаратты текшерген.
Учурда мейманкана өз тартибинде иштеп жатат.