БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Николай Пржевальский атындагы мемориалдык музей-комплексинин директоруна карата кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган музейдин ирригациялык системасын оңдоо жана эстеликке кам көрүү үчүн "Дом Москвы" маданий борборунан 150 миң рубль өлчөмүндө материалдык жардам берилген. Бирок каражат жеке максаттарга пайдаланылып кеткен.
Чогултулган материалдардын негизинде музей жетекчисине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.