БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандан дээрлик байдык облустарында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Ашуулардагы автожолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тоңголок тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетеши мүмкүн.