БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 140 миллиард 624 миллион сомду түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы киреше өткөн жылдын ушул маалындагы көрсөткүчкө караганда 1,1 пайызга аз.