Бишкекте "Башка жакка токтотосузбу" социалдык экспериментин жүргүздүк.
Анда Екатерина Михайлова машинасын туура эмес токтоткон айдоочулардан унаасын башка жакка токтотуусун суранды.
Ушундай эле өтүнүч менен чымыр денелүү Фурхат Курбанов дагы машинасын туура эмес токтоткон айдоочуларга кайрылды.
Фурхат менен Екатерина жолдо жүрүү эрежесин бузган 10 айдоочуга барып, машинасын ыңгайлуу башка жерге токтотуусун өтүндү.
Фурхаттын өтүнүчүн бардык 10 айдоочу тең аткарса, Екатеринанын өтүнүчүн сегиз гана айдоочу орундатты.
Социалдык экспериментке катышкан эки каарманыбыздын тең Бишкек шаарында машина токтотуучу жайлар таптакыр эле жетишпей турганына көзү жетти.