БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу шаарында сегиз жаштагы Мухамедзахид Абидов оң бетинен III даражадагы күйүк алып, ооруканага түшкөнүн ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык балдардын бензин чачышып ойногонан улам келип чыккан. Анын кесепетинен, Абидовдун оң жаагынын 14 пайызы күйгөн.