Сариев "Жер-Үйдөн" бөлүнгөн акчаны туура пайдаланууга чакырды

Жазылуу
Өкмөт башчы "Жер-Үй" кенинен ар бир жергиликтүү бюджетке 175 миллион сомдон акча бөлүнгөнүн белгилеп, аны туура пайдалануудан көп көйгөйдү чечүүгө мүмкүн экенин кошумчалады

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Таласта жолдорду курууга каражат жетиштүү экенин премьер-министр Темир Сариев облуска болгон иш сапары учурунда билдирди.

Өкмөт башчы ички жолдордун курулушу менен таанышып чыкты.

"Жер-Үй" кенинен жергиликтүү бюджетке 175 миллион сомдон бөлүнгөн. Демек акча бар. Башкысы — колдогу каражатты туура пайдалануу", — деди премьер-министр.

Сариев иш сапарынын алкагында 30 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздаган "Жылуулуккоммунэнерго" компаниянын ишин көрдү.

Өкмөт башчы жолугушуу учурунда жакын арада Таласта таланттуу балдар үчүн мектеп-интернаттын курулушу баштала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0