Өткөн жуманын эң орчундуу жана маанилүү делген окуяларын Sputnik агенттиги бир сүрөт баянга чогултту.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Казакстанга болгон сапары, Шанхайдагы азем буюмдар коллекциясын көрсөтүү, Гаитидеги мүрзөдө белгиленген өлгөндөр күнү, Лондондогу "Миллион масканын жүрүшү", Россиянын президенти Владимир Путиндин Кызыл аянттагы Кузьма Минин менен Дмитрий Пожарскийдин эстелигине гүл коюшу. Ушул жана башка окуялар Sputnik агенттигинин сүрөт баянында.
Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянттагы Кузьма Минин менен Дмитрий Пожарскийдин эстелигине гүл койгондон кийин "Вымпел" аскер-патриоттук борборунун окуучулары менен сүрөткө түшүп жатат
Лондондо винтаждык автоунаанын жүрүшү болду. Быйыл ал 119-жолу белгиленип жатат. Алар Лондондогу Гайд-парктан башталып, Брайтондун жээктерине карай жол алышат
Лондондо миңдеген кишилер "Миллион масканын жүрүшүнө" чыгышты. Кээ бир аймактарда полиция менен кагылышуу да болду. Полициянын үч өкүлү жаракат алып, 50дөн ашык киши кармалды
Гаитинин Порт-о-Пренс мүрзөсүнүн аймагында өлгөндөр күнү белгиленди. Ал жерде 2015-жылдын 12-январында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун көбү көмүлгөн
Австралиялык Мишель Пейн (жашыл кийимчен) эң престиждүү деп саналган Мельбурн Кубогун жеңип алды. Ал Принц Пензанс аттуу аты менен катышты. Аталган кубок 1861-жылдан бери Мельбурндун сыртында орун алган Flemington Park ат майданында өткөрүлүп келет
Деңиз аркылуу Европага келген мигранттар менен качкындардын саны 773 миңге жеткенин миграция боюнча эл аралык уюм билдирди. Алардын көбү Грециянын Лесбос аралына келишкен. 3423 мигрант Жер ортолук деңизге чөгүп өлгөн
Палестина-израил конфликтиси Храмовая тоосундагы толкундан кайта башталды. Израиль ал жакка жөөттөрдү кайтадан алып келет деген имиш тараган. БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссар башкармалыгынын маалыматы боюнча кагылышуудан 58 палестиналык жана 11 израилдин жараны өлгөн
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Казакстанга болгон иш сапары. Ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана өлкөнүн Тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолукту