БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында баштыгына баңгизат салынган 61 жаштагы жаран кармалганын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Аталган жаран Батыш автобекетинен колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда анын баштыгында бир килограммдан ашык нашаа бар экендиги анык болгон.
Кызматкерлер учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешелүүлүгүн текшерип жатышат.
Бул факт боюнча учурда кылмыш иши козголду. Мыйзамга ылайык, баңгизатты мыйзамсыз соодалаганы үчүн аталган жаран 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.