БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына, соттордун тандоо кеңешинин жана Конституциялык палатанын ишине ыраазы эместигин билдирди. Бул туурасында Атамбаев Жогорку Кеңешке сүйлөп жатканда айтты.
Мамлекет башчысы биомертия боюнча июлда Конституциялык палатанын соттору караган маселени эске салды. Ал палата экиге бөлүнө жаздап, биометриялык маалыматтардын жардамы менен өтө турган шайлоону үзгүлтүккө учуроо кооптуулугу жаралды деп билдирди.
"Шайлоонун тагдыры бир нече кишиге байланып калды, эгерде ошондо биометрикалык маалыматтарды топтоо мыйзамсыз деп табылса, биз ачык жана таза өткөн шайлоолорго чекит коюп, азыр өлкөдө митинг-пикеттер болуп турмак", — деди Атамбаев.
Мындай жагдайлар юейөкмөт уюмдардын таасиринен улам жаралып жатат деген пикирин айтып, ага жол берилбейт деп кошумчалады.
"Иш жүзүндө бүт өлкө Конституциялык палатанын барымтасында калды. Алар ар кыл бейөкмөт уюмдардын кысымы астында бирде бул, бирде дагы башка чечимдерге шылтап жатты. Мындай кылууга таптакыр болбойт!", — деди президент.
Анын айтымында, аталган кеңештин сотторду жазалоосу таптакыр болбогон кеп.
"Бажыда иштегендер же Жол кайгуул кызматы өздөрүн ушундай кылып жазалаганан элестетип жатасыздарбы? Соттор Айдан, Марстан түшүп келген эмес, алар да пенделер? Менталитетти эске алыш керек", — деди мамлекет башчысы.
Ал Кыргызстанда сот систамасында реформалар уланып, бул жааатта каржылоо жана мыйзам долбоорлорунун пакеттери даярданып жаткандыгын айтты.
Ал өкмөт соттордун материалдык базасын бекемдөө маселесин чечип жаткандыгын билдирди. Эгерде 2012-жылы бул системаны каржылоого 447,3 миллион сом бөлүнсө, 2016-жылдагы долбоордо 1,1 миллиард сом каралган.
"Бул сумма 2,5 эсе көп. Эки жыл сот системасын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга кетти. Бирок, Сотторду тандоо кеңеши менен Конституциялык палатанын ишинде кемчиликтер бар", — деди президент.
Атамбаев сот системасынын ишин жакшыртуу үчүн мыйзам базасын жакшыртып жана майнаптуу кылуу зарылдыгын айтты.